БАЙКАЛ КОРУГУ
БАЙКАЛ КОРУГУ Бурятияда. Байкал көлүнүн түштүк жээктерин, Хамар-Дабан кыркатоосунун (бийиктиги 2900 м ге чейин) капталын ээлейт. Аянты 1657 км2. 1969-ж Забайкальенин күңүрт ийне жалбырактуу тайга, парк тибиндеги көк карагай токойлорун, субальп шалбаасын, эңилчектүү тундра табигый комплекстерин изилдөө үчүн уюшулган. Марал, түндүк бугусу, булгун, росомаха, күрөң аюу мекендейт. Канаттуулардан токой чили, кереңкур, чил, туйгун кездешет. Байкал коругунда бүгүнкү күндө антропогендик таасир күч алууда. Ага жакын жайгашкан Байкальск ж. б. шаарлардан булганыч заттардын атмесферав аркылуу келгени баамдалган. Айрыкча, Байкал көлү булганууда. Ага жылына 700 кг нитрат, 8400 кг нефть бирикмелери ж. б. заттар кошулууда.