БАЙЧЕЧЕКЕЙЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:39, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЧЕЧЕКЕЙЛЕР (Капипсиіасеае) - өсүмдүк­төрдүн эки үлүшгүүлөр классындагы тукуму; бир же көп жылдык чөп, кээде бадал, жарым ба­дал, лиана. Сабагы түз өсөт, кээде түп жагы жантайыңкы,бийиктиги 20-150 см ге жетет, түктүү же

түксүз, бутактуу же бутаксыз. Жалбырак­тары кезектешип жайгашкан, формасы ар түрдүү, жээги те­гиз, көпчүлүгү манжа­дай бир, эки ирет тил­келүү, негизинен алар тамыр моюнчасына топтолгон. Топ гүлү калемчедей, жаача­дай, шыпыргыдай, көп учурда жалгыз­дан. Гүлдөрү эки жы­ныстуу, адатта беш желекчелүү, түркүн түстүү. Аталыгы көп. үстүнкү энеликтүү, бир же көп мөмө жалбырак­чадан турат. Мөмөсү - бир же көп уруктуу жаң­гакча. Жер жүзүндө 1500дөн ашуун түрү негизинен мээлүүн алкактарда таралган. Кыргызстанда байчечекейдин 22 уруусу, 110дой түрү өрөөндөн тартып мөңгү этегине чейин таралган. Көпчүлүк түрүндө алкалоиддер, глюкозиддер бар, айрымдары уулуу (уу коргошун, уу байчечекей). Медицинада (уу коргошун, тармал чөп, адонис), элдик медицинада колдонулат. Кээ бир түрлөрү кооз (бүргүн, троллиус, байчечекей, чымылдык) болгондук­тан, гүлзарларда өстүрүүгө болот.

К. Т. Тургунбаев.