БАЛ
БАЛ - аары өсүмдүк нектарынан пайда кылуучу же таттуу ширеден иштетип чыгуучу илээшме суюктук; баалуу азык. Б. таттуу, жыты жакшы, түсү тунук, саргыч, узак сакталат, барабара коюуланат. Б-да 15 түрдүү орг. к-та, фермент, 35дей минералдык зат, витамин болот. Анын курамында 80%тен ашык кургак зат ж-а 16-22%ке чейин суу, глюкоза, фруктоза, 2%тей сахароза, 3-4% декстрин, 0,3% белок заттары, фосфор ж-а туз к-талары, калий, натрий, кальций, магний, темир, фосфор, бир аз марганец, коргошун, цинк бар. Б-дын сапаты коюулугу, даамы, жыты, өңү ж. б. б-ча аныкталат. Анын 35%ин глюкоза (жүзүм канты) түзөт. Ал адамдын организмине тез сиңет. Инвертаза ферментинин таасиринен нектар сахарозасы глюкоза м-н фруктозага ажырайт. Фруктоза м-н глюкоза аралашмасынын дарылык ж-а диеталык касиети бар. Анын химиялык курамы өсүмдүк түрүнө, климаттык шарттарга, иштетилишине байланыштуу. Жаңы бал суюгураак, курамындагы суу бууланган сайын, ал илешкек болуп коюуланат. Уюктагы бал жетилгенде, бал тарткычтарда жыйналып алынат. Тартылган бал чыпкаланып, сорттолуп, сатууга жөнөтүлөт.