ВОСТОК
ВОСТО́К , М а з а р С у у – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу. Чоң Чүй каналынын түндүк тарабында, деңиз деңгээлинен 700 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 5 км түндүк тарапта. Аламүдүн темир жол бекетинен 26 км. Калкы 5461 (2022); негизинен жашылчачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП ж. б. бар. Жоопкерчилиги чектелген ишканалары бар.