ВОТУМ
ВО́ТУМ (лат. votum – каалоо, эрк) – шайлоо корпусунун же өкүлчүлүк мекемесинин көпчүлүк добуш м-н билдирген пикири же кабыл алган токтому. П а р л а м е н т т и к практикада – адатта төмөнкү палата тарабынан саясий багытты, белгилүү бир акцияны, мыйзам долбоорун, өкмөттүн же айрым министрдин ишмердигин жактыруу, ага ишеним көрсөтүү дегенди билдирет. Ишеним жөнүндөгү маселени коюу демилгеси өкмөттүн өзүнө, парламенттин иш-милдеттерине же депутаттык топко тиешелүү болсо, ал бир жактуу Вотум болуп саналат. Көп жактуу Вотум – айрым бир өлкөлөрдө өкүм сүргөн тартип, буга ылайык кээ бир категориядагы шайлоочулар шайлоо учурунда эки же андан көп добушка ээ болот. Кыйыр (эвентуалдык) Вотум – шайлоонун пропорциялык системасынын талабына ылайык кайсы бир талапкер үчүн берилген ж-а шайлоо квотасынан ашып кеткен добуштар, ошондой эле партиялык тизмедеги башка бир талапкерге жазылып коюлат. Милдеттүү Вотум – айрым өлкөлөрдө бийлик органдарын шайлаган учурда толук укуктуу шайлоочуларды үстөк төлөтүү коркунучу м-н шайлоого катышууга ж-а добуш берүүгө юридикалык милдеттендирүү.
М. Керимбаев.