ВУЛКАНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВУЛКАНОЛО́ГИЯ – геологиянын жанар тоо­лорду изилдеген тармагы. Жанар тоолордун пай­да болуу процесстерин, аракетке келүү ж-а аты­лып чыгуу себептерин, өнүгүп-өөрчүшүн, аты­лып чыккан материалдардын курамын, анын жер бетинде таралуу закон ченемин ж. б. кубу­луштарын изилдейт. Вулканологиянын негизги максаты – жанар тоолордун атылып чыгышын алдын ала билүү жолдорун табуу ж-а андан чыккан ысык суу м-н буулардын жылуулук энергиясын эл чар­басынын керектөөсүнө пайдалануу. Бул масе­лелерди чечүүдө Вулканология геология, геотектоника, гео­физика, геохимия ж. б. илимдердин маалымат­тарын кеңири пайдаланат.