ВИРТУАЛ ЭС
ВИРТУА́Л ЭС (Virtual memory) к о м п ь ю т е рд е – эске тутуучу ж-а эсти бөлүштүрүүчү түзүлмө. Ал тез эстин көлөмүн чоңойтот, себеби иштетүү системасы дисктин белгилүү гана өлчөмдөгү бөлүгүн колдоно алат ж-а көп маселелүү иштетүү системаларында бир учурда тез эсти колдонуучу программалар санын көбөйтүүдө пайдаланылат. Иштетүү системасы виртуалдуу эс жок учурда аткарылып жаткан программаны толугу м-н тез эске, ал эми виртуалдуу эске учурда аткарылып жаткан программанын үлүшүн гана жүктөйт. Иштетүү системаларынын виртуалдуу эсти башкаруу жолу б а р а к т о о деп аталат. Белгилүү сандагы байт барак деп аталат ж-а барактоо учурунда дискеттен эске зарыл учурда берилиштер же программанын көрсөтмөлөрү барактарга бириктирилип, жиберилип турат. Барак өлчөмү 512ден 4000 байтка чейин болуп, барактын так өлчөмүн иштетүү системасы аныктайт. Эгер кошумча барак талап кылынса, анда иштетүү системасы кошумча орун даярдайт; ал үчүн бир же бир нече баракты эстен дискке кайтарат.