ВХУТЕМАС
ВХУТЕМА́С , жогорку сүрөт-техникалык өнөркана – 1920–1927-окуу жылдардагы Москва көркөм сүрөт окуу жайы. В. Строганов окуу жайы живопись, бедизчилик, зодчийлик окуу жайы менен бириктирилгенден пайда болгон. Вхутемаста живопись, полиграфия, бедизчилик, архитектура, текстиль, керамика, жыгач иштетүү, металл иштетүү факультеттери болгон. Вхутемастын программалары көркөм сүрөт искусствосунун идеялык-образдык мазмунун чечкиндүү жокко чыгарган формалисттик көркөм маданият институту тарабынан иштелип чыккан. Студенттердин массалык каршылык көрсөтүүсүнөн кийин гана Вхутемастын живопись факультетинде 1921-жылдын аягы, 1922-жылдын башында А. Е. Архиповдун, Д. Н. Кардовскийдин реалисттик өнөрканалары жана Д. А. Щербиновскийдин анатомия сүрөт өнөрканасы пайда болгон. 1926–1927-окуу жылында Вхутемас Вхутеин болуп кайра түзүлгөн.