ВЫ ЧЕГДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЫ ЧЕГДА – Коми Республикасы м-н Архангел облусундагы дарыя, Түндүк Двинанын оң куймасы. Узундугу 1130 км, алабынын аянты 121 миң км2. Ти­ман токол тоосунан башталып, башында кууш өрөөн м-н агып, босоголуу, төмөн жагы жазы, жайылмасында салаалар ж-а эски нуктар көп. Негизги куймалары – Вымь (оң) ж-а Сысола (сол). Орточо чыгымы 1160 м3/сек. Ноябрдын ба­шынан апрелдин аягына чейин тоңот. Вольди­но пристанына чейин (938 км) кеме жүрөт. Сал агызылат. Боюнда Сыктывкар, Сольвычегодск, Котлас (чатында) шаарлары жайгашкан.