ВЫГЛАЗОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЫГЛА́ЗОВ Григорий Исаевич (1919, Батыш Сибирь крайы, Сузун району, Шайдаров кыштагы – 16.5.1942, Темиров шаары) – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Советтик Армиянын катарына Ош облусунун Гүлчө райондук аскер комиссариаты тарабынан чакы­рылган.

Улуу Ата Мекен­дик согушта Түндүк Кавказ фронт штабынын чалгын­доо бөлүмүнүн парашют ба­тальонунда бөлүмдүн ко­мандири. Керчь жарым аралындагы салгылаштарга катышкан. Керчь жарым аралындагы Темиров шаарынын аймагындагы салгы­лашта душмандын 3 танка­сын экипажы м-н талкалап, 20 фашистти жок кылып, советтик аскерлерге чабуулун улантууга шарт түзгөн. Ефрейтор Выглазов ошол чабуулда кур­ман болгон. Ленин ордени м-н сыйланган.