БАЛЬЗАМДАР
БАЛЬЗАМДАР (гр. Ьаlsаmоп - жыттуу чайыр) - өсүмдүктөн алынган орг.аникалык бирикмелердин аралашмасы. Негизинен монотерпендүү учма бирикмелерден (эфир майларынан), чайыр ж-а анда эрүүчү жыпар жыттуу бирикмелерден (ванилин, бензой кислотасы ж-а алардын татаал эфирлери, альдегиддер, кетондор, спирттер) турат. Сууда иш жүзүндө эрибейт, органикалык эриткичте эрийт. Бальзамдар өзгөчө жыттуу, өткүр, даамы ачуу, илээшме суюктук; абада эфир майларынын бууланышына ж-а окистенишине жараша катууланат. Тропик ж-а субтропикте, чанда түндүк же мелүүн алкакта өсүүчү жыгач өсүмдүктөрдө пайда болот. Ал кадимки зат алмашуу продуктусу катары же сөңгөк жабыркаганда бөлүнүп чыгат. Негизинен кабыктын клетка аралык боштугунда, кээде жалбыракта ж-а жаш жыгачта чогулат. Бальзамдар - канифолду, лак ж. б. даярдоо үчүн сырье; парфюмерияда, косметикада ж-а дары заттарды алууда колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан алынат. Жасалма бальзамдар эфир майларынын спирттеги эритмеси, чөптөрдүн тундурмасы болуп эсептелет. Табигый бальзамдын аналогу синтезделип алынган, мис., поливинилбутил эфири (винилин) же Шостаковский бальзамы жараатты дарылоодо пайдаланылат.