БАЛЬНЕОТЕРАПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:45, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬНЕОТЕРАПИЯ - табигый ж-а жасалма жол м-н даярдалган минералдуу сууларды оору­луунун денесин чыңдоо максатында пайдалануу ыкмасы. Бальнеологияда минералдуу сууларга түшүү (ванна, душ, бассейн, туздуу көл ж. б.) ж-а ичүү, органдарды «сугаруу», оозду чайкоо, ингаляция, карын ж-а ичегилерди жууш үчүн сунуш кылы­нат. Минералдуу суу ванналары жүрөк-кан та­мырдын ж-а нерв системасынын ишин, организм­деги зат алмашууну, ички бездердин иштешин жакшыртат. Жалпы ж-а жергиликтүү ванна жүрөк-кан тамыр, муундардын, нерв системасынын, гинеко­логиялык ж. б. ооруларды дарылоо үчүн пайда­ланылат. Минералдуу сууну ичкенде ооз көңдө­йүнүн, карындын былжыр челинин рецепторло­руна түздөн-түз таасир этип, карын секрециясын нормалдаштырат. Минералдуу суулардын кээ бирлери өттүн пайда болушун ж-а алардын боор­дон бөлүнүп чыгышын тездетип, организмде зат алмашууну жакшыртат. Бальнеологияны врач сунуш кылат.