БАЗАРКУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:19, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРКУЛОВ Мукаш (5. 6. 1935-жылы туулган, Нарын облусу, Акталаа району, Саз айылы) - педагог, КРдин эл мугалими (2005). Мугалимдердин эки жылдык институтун (1955), КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1962). 1955-57-жылдарда Ак-Талаа районун­дагы «Жаңы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектепте­ринде мугалим болуп иш­теген. 1965-жылга чейин Тогуз-Торо районундагы орто мектеп­те мугалим, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн баш­чысы, Кыргызстан Компартия­сынын Ак-Талаа райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн баш­чысы (1965-68), 1970-жылы Кыргызстан КП БКнын инспектору, 1971-

79-жылдарда партиянын Талас райкомунун экинчи ж-а биринчи секретары, 1979-91-жылдарда билим берүү министри болгон. 1991-жылдан Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгек­тенет. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени (1973) ж-а медалдар м-н сыйланган.