БАЗАРОВ Геннадий

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРОВ Геннадий Садырович (14. 5. 1942-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы - 5.02. 2023, Бишкек) - кинорежиссёр, сценарист, КРдин эл артисти (1991), КРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974). 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баш­таган. 1967-жылы «Саманчы жолу» фильмин дип­ломдук иши катары тарткан. «Буктурма» (X. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова, 1966), «Көчө» (М. Гапаров, 1973), «Биринчи» (Г. Базаров, Л. Дядюченко, 1984), «Көз кареги» (Л. Дя­дюченко, 1975), «Каныбек» (К. Өмүркулов, К. Жан­төшевдин романы боюнча), «Айың» (1989), «Аномалия» (1991), «Карагыз» (2005) ж. б. көркөм фильм­дерди ж-а «Антракт» (1994), «Түндө» (1995), «Ис­кусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыңгыз Айтматов» (1980) кыска метраждуу новелла­ларды, даректүү фильм­дерди ж. б. тарткан. Маданият ж-а искусствонун ишмерлери А. Токомбаев, Н. Байтеми-

ров, А. Темирова, Г. Ажыбекова ж. б. жөнүндө портрет галереясын түзгөн, повесттери да бар. Акыр­кы жылдарда Кыргыз телерадиокомпаниясын­да иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барган. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.