БАЙБИЧЕНИН СООРУСУ
БАЙБИЧЕНИН СООРУСУ - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш четиндеги тоо. Чыгыштан батышка 18 кмге созулат, туурасы 3-5 км. Орточо бийиктиги 1700-2000 м, эң бийик жери 2254 м. Түзүлүшү боюнча горст-антиклиналь. Түштүк капталы тик ж-а чолок, түндүгү жантайыңкы. Үстү жон сымал келип, байыркы денудациялык рельефтен турат. Түн. бетин ж-а жонун шалбаалуу талаа, чыгыш ж-а түштүк капталдарын кургак талаа ландшафттары ээлейт. Түндүгүндө Бөрүбай, түштүгүндө Желаргы өрөөндөрү жайгашкан.