ГҮЛКАЙЫРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛКАЙЫРЛАР (Malvaceae) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классындагы тукуму. Алар – чөп, бадал, кээси майда дарак сымал. Жөнөкөй жалбырагы сабакта кезектешип жайгашкан, жан жалбыракчалуу. Гүлдөрү ири, туура түзүлүштүү, эки жыныстуу, жалгыз же топ гүлдүү. Гүл коргону беш мүчөлүү. Мөмөсү – кутуча, ал бир нече майда жаӊгакчага бөлүнөт. Г. тукумунун 90го жакын уруусунун 1600 түрү тропикте ж-а субтропикте таралган. КМШ өлкөлөрүндө Г-дын 11 уруусунун 75ке жакын түрү өсөт. Анын Кыргызстанда 7 урууга кирген 26 түрү бар. Айрымдарынан була, дары-дармек алынат, кээ бир түрлөрү кооздук үчүн гүлзарларда өстүрүлөт.