БАЙЗАК (Жумгал районундагы кыштак)
БАЙЗАК (1994-жылга чейин К а й ы р м а) - Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Байзак айыл өкмөтүнүн борбору. Орто-Кууганды суусунун (Жумгал суусунун оң куймасы) сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1820 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыштагынан 10 км түндүк- чыгышта. Балыкчы темир жол бекетинен 175 км. 1930-жылы отурукташкан. Калкы 5286 (2006); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, үйбүлөлүк врачтар тобу, клуб, китепкана, мончо, дүкөн бар. Кыштакка жакын Төрткүл шаар чалдыбары жайгашкан. Кыштактын аты чекир саяк уруусунун белгилүү манабы Байзактын ысмында.