БАЙЗАК (Жумгал районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БАЙЗАК to БАЙЗАК (Жумгал районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЗАК (1994-жылга чейин К а й ы р м а) - Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Байзак айыл өкмөтүнүн борбору. Орто-Кууганды суусу­нун (Жумгал суусунун оң куймасы) сол жээгин­де, деңиз деңгээлинен 1820 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыштагынан 10 км түндүк- чыгышта. Балыкчы темир жол бекетинен 175 км. 1930-жылы отурукташкан. Калкы 5286 (2006); неги­зинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, үйбүлөлүк врачтар тобу, клуб, китепкана, мончо, дүкөн бар. Кыштакка жакын Төрткүл шаар чалдыбары жайгашкан. Кыштактын аты чекир саяк уруусунун белгилүү манабы Байзактын ысмында.