БАЙКАЗАК КАБЫРСТАНЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙКАЗАК КАБЫРСТАНЫ - 7-9-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Нарын районундагы Байказак айылынын түндүгүндө, Нарын дарыясынын сол өйүзүндөгү секиде жайгашкан. Бул жерде таштан курулган байыркы көрүстөндөр, маркумга арналып тургузулган коргончо-айкелдер орно­тулган. Байказак кабырстаны археологиялык эстелиги 1990-жылы К. Та­балдиев тарабынан изилденген.