ГҮЛКАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛКАН (Althaea), а л т е й – өсүмдүктөрдүн гүлкайырлар тукумундагы уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыры, тамыр сабагы жоон. Сабагынын уз. 40–150 см, түктүү же түксүз. Жалбырагы саптуу, тегерек же сүйрүрөөк жумуртка сымал, чети араадай кесилген. Гүлү майда, топтошуп өсөт, кызгылт же мала кызыл. Топ гүлү шыпыргы сымал. Г-дын 12 түрү Европа, Азиянын мелүүн аймактарында кездешет. Кырг-нда 8 түрү белгилүү. Өзөн жээктеринде, жер алдындагы суу жер бетине жакын аймактарда өсөт. Тамыры күзүндө казылып алынып кургатылат, андан жөтөлгө, ууланууга каршы дары-дармектер жасалат.