БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ
БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ - тоотек катмарларынын рифейден кембрийдин башталышына чейинки мезгилде бүктөлүүгө дуушарланган тоолуу аймак. 1932-жылы орус геологу Н. С. Шатский алгач бөлгөн; кийин Байкал бүктөлүүсүнүн башкы фазасы (учуру) венддин башталышынан кембрийге чейинки (350-650 млн) мезгил катары такталган. Байкалиддер Орус платформасын түндүгүндө Тиманга чейин жээктеп, Сибирь платформасында - Турухан зонасын, Енисей токол тоосун ж-а Чыгыш Саянды, Байкал тоолуу облусун курчап өнүгөт. Алар Индстанда, Араб жарым аралында, Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышта, Батыш Европада, альп структураларынын пайдубалдары көтөрүлгөн жерлерде, герциниддердин ичиндеги ортоңку массивдер катары таралат.