БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИ - акционердик коом­дун башкармасын контролдоочу орган. Байкоочулар кеңеши жеке адамдардан гана туруп, мүчөлөрүнүн ар бирине өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт. Коом­дун башкармасынын мүчөлөрү кеңешке кирүүгө тыюу салынат. Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү акционерлер­дин жалпы чогулушунда шайланат. Байкоочулар кеңеши баш­карманын мүчөлөрүн дайындоого же бошотуу­га, товар баалуулуктарын түгөлдөөгө, акционер­лердин жалпы чогулушун өткөрүүгө укуктуу. Коомдун уставы Байкоочулар кеңешинин макулдугу м-н баш­карма тарабынан ишке ашырылуучу операция түрлөрүн кароосу мүмкүн.