БАЙЛАМТА (тил илиминде)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:39, 7 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАМТА т и л и л и м и н д е - сөздөрдү, сөз айкаштарын, татаал сүйлөмдүн курамында­гы бөлүктөрдү (жөнөкөй сүйлөмдөрдү) өз ара ту­тумдаштырып, алардын маанилик катышын ж-а синтаксистик байланышын билдирген кыз­матчы сөздөр. Байланыштыруу функциясы Байламтанын негизги милдети болуп саналат. Морфологиялык түзүлүшү боюнча Байламта жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Бир сөздөн турган Байламта жөнөкөй деп аталып, алар тубаса (да, жана, менен, же ж. б.) ж-а туунду (себеб+и, анткен+и, ошон+дук+тан ж. б.) түрдө болот. Эки же андан ашык сөздөрдүн тизмегинен турган Байламта татаал болуп эсептелет (анткени м-н, ошол себептен, ошону м-н бирге, антсе да ж. б.). Бөлүктөрдү байланыштыруу өзгөчөлүктөрүнө карай Байламта бир орун­дуу (себеби, ошондуктан, ошондон улам ж. б.) ж-а көп орундуу же кайталануучу (же...же, не...не, ары...ары ж. б.) болуп бөлүнөт. Байланыш­тыруунун мүнөзүнө карай Байламта багынычсыз (коор­динативдик) ж-а багыныңкы (субординативдик) болот. Багынычсыз Байламта бөлүктөрдүн (сөздөр, сүй­лөмдөр) маанилик өз алдынчалыгын, бири-бирине көз каранды эместигин көрсөтсө (жана, менен, ары, бирок ж. б.), багыныңкы байлам­талар бири экинчисине маанилик жактан көз каранды болгон синтаксистик бирдиктерди ту­тумдаштырат (себеби, андыктан, ошондон улам ж. б.). Байламта маанисине карай төмөнкүдөй топторго бөлүнөт: 1) байланыштыргыч (копулятивдик) - жана, менен, ары, нары, да; 2) ажыраткыч (дизъюнктивдик) - же, же болбосо, болбосо, мейли; 3) каршылагыч (адверсативдик) - бирок, антсе да, анткени менен, а, андай болсо да; 4) себеп - анткени, себеби, эмне десең; 5) натый­жалагыч - ошондуктан, андыктан, ошон үчүн; 6) шарттуу - эгер, эгерде.