БАЙЛАНЫШ СПУТНИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 7 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ СПУТНИГИ - Жердин жасалма жандоочусу. Электр-магнит талаасынын таралышы аркылуу телефондук байланышты, теле берүүлөрдү ж-а ар кандай маалыматтарды бүткүл дүйнөгө таратууну камсыз кылат. Электр-магнит талаасынын микротолкундар арымында (диапазонунда) аябагандай көп маалыматтарды берүүгө болот. Тилекке каршы, микротол­кундарды катуу нерселер сиңирип алгандыктан, толкун бергич м-н толкун кабылдагыч бири бирине түз радио байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн байланыш спутниги түзөт. Бир нече спутниктин (үчтөн кем эмес) жардамы м-н байланышты глобалдык масштаб­да камсыз кылууга болот. Алгачкы байланыш спутниги 1952-жылы сигналдарды күчөтүү үчүн күн энергиясын кол­донуу м-н Америкадан Европага телекөрсөтүү­нү жүргүзгөн. Спутник Жерди бир айланып чыкканда жердеги станциялардын антеннасы 20 мин гана «көргөндүктөн», телеберүүнүн убак­тысы да ошончо болгон. 1963-жылдан баштап кубаттуу ракеталар курулгандан кийин байланыш спутниги гео­стационардуу орбиталарга чыгарыла баштайт. Азыркы учурда жер үстүндө он миңдеген телефон байланыштарын камсыз кылуучу, радио ж-а теле берүүлөрдү трансляциялоочу «Молния- 1, -2, -3», «Интелсат-3, -4» (АКШ) сыяктуу көп­төгөн байланыш спутниктери учуп жүрөт.