БАЙТУРСУНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТУРСУНОВ Насыр (17. 11. 1915, Нарын облусу, Жумгал району, Көкөмерен кыштагы - 11. 5. 1995, ошол эле жер) - Даңк орденинин толук кавалери. Улуу Ата Мекен­дик согуш башталганга че­йин мектепте мугалим бо­луп иштеген. 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакы­рылып, Брянскиде, 1- ж-а 2-Белоруссия фронтторунда салгылашкан. Друть ж-а Березина дарыяларын кечип өтүүдөгү эрдиги үчүн 3-дара­жадагы (1944), Висла дарыясында­гы душмандын коргонуусун

бузуп өтүүдө полк­ко жол ачкандыгы үчүн 2-даражадагы (1945), Швенов кыштагын бошотуудагы баатырдыгы үчүн 1-даражадагы (1945) Даңк ордендерине татык­туу болгон. Ошондой эле Кызыл Жылдыз ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.