БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ - семит тилдеринин бири. Библия (Эски осуят, б. з. ч. 12-3-кылымдар) ж-а Палестинадагы жазмалар (б. з. ч. 8-2-кылымдар) аркы­луу белгилүү. Б. з. ч. оозеки түрдө өнүккөн. Байыркы еврей тили илгери ханакей, кийин мишнаит (Тал­муддун алгачкы үлгүлөрү) тилдери деп аталган. Байыркы еврей тилинде диний, философиялык-илимий ж-а көркөм ада­бий чыгармалар жаралган. Бул тил кийин көп өзгөрүүлөргө учураган. Анын «мураскору» иврит тилинин лексикасында семит элементтери басымдуу.