БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР
БАЙЫРКЫ ИРРИГАЦИЯЛЫК КУРУЛМАЛАР К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кыргыз жергесинин тоо этектериндеги түздүктөрү коло доорунан тартып өздөштүрүлүп келген. Фергана, Чүй өрөөндөрүндөгү эстеликтер байыркы дыйканчылык, суу бойлоп жайгашкан алгачкы турак жайлар тууралуу кабар берет. Дыйканчылыктын гүлдөп өсүшү климат жана сугат ишкердиги менен тыгыз байланыштуу болгон. Орто Азияда алгачкы сугат арыктары жана суу топтой турган жерлер энеолит (биздин заманга чейин 4-3 миң жылдыктар) доорунан тартып белгилүү. Окумушгуулардын кийинки жылдардагы изилдөөсүнө караганда мындан 2000-2700 жыл мурда, эрте темир доору мезгилинде Жети-Суу аймагында жашаган калктын бир бөлүгү отурукташышып, жер иштетишкен. Кыргызстанда ирригациялык курулмалар (суу куурлары) Чүй жергесинде (Төкөлдөш-Арык, Таш-Арык, Жыламыш-Арык, Өтөгөн-Арык, Сай-Арык) орто кылымдардан баштап ишке киргизилген. Кээ бир жерлерде жер астынан чыккан суу үчүн майда арыктарды пайдаланышкан. Кыргыз жергесиндеги биздин заманга чейин арыктар, турак жай орундары жеткиликтүү изилдене элек.
К. Табалдиев.