БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР - байыркы кытай жыл баяндарында б. з. ч. 201-жылдан бери эс­керилип келген түрк тилинде сүйлөгөн эл; Те­ңир-Тоодогу, Түндүк-Батыш Моңголиядагы, Ички Азиядагы (лобнорлуктар, сары уйгурлар) түрк элдеринин байыркы түпкү теги. Кыргыздар та­рыхый булактарда алгач хунн шанүйү Маодун­дун басып алуу саясатына байланыштуу кез­дешет. Маодун шанүй б. з. ч. 201-жылы Кытайга жортуул жасаардан мурда, өлкөнүн түн.-баты­шында жашаган беш мамлекетти, алардын арасында кыргыздарды басып алган. Бул окуя качан ж-а кайсы жерде өткөндүгү тууралуу так маалымат жок. Эгер хунндардын Кытайга жа­саган жортуулун эске алсак, анда кыргыздар­дын Маодунга жеңилген мезгилин б. з. ч. 201- жылдан бир канча жыл мурун болгондугун бел­гилөө зарыл. Айрым окумуштуулар хунндардын Ордостогу мекенин эске алып, кыргыздарды Монголиянын түндүк-батышындагы Хяргяс-нор, башкача айтканда Кыргыз-көлүнүн айланасына жайгашты­рышат. Бирок, мында Хяргяс-нор качан, кайсы окуяларга байланыштуу «кыргыз көлү» аталгандыгы белгисиз. Ошондой эле кыргыздардын баштапкы мекенин Батыш Моңголияга чектөө тарыхый географиялык ж-а этнографиялык маалыматтарга дал келбейт. «Хань тарыхынын» («Хань шу») автору, Бань Гунун маалыматы боюнча хунндардын шанүйү Чжичжи б. з. ч. 49-жылы усундарды тал­калап, андан соң түндүк тараптагы уцзелерди баш ийдирет. Алардан кошуун курап, батыш тараптагы цзянькундарды (кыргыздарды) талкалайт. Кийин аларга түндүк жакта жайгашкан (уцзе ж-а кыргыздардын) динлиндер баш ийет. Чжичжи өз ордосун кыргыз жергесине орнотуп, усундар­га каршы кыргындуу жортуулун улантып турган. Ал эми хунндардын хан ордосу кыргыз­дардан чыгышка 7000 ли, Чеши болсо түштүктү карай 5000 ли аралыкта жайгашкан. Соңку чыгыш таануу иликтөөлөрү боюнча, кыргыз жерге­си Дзосотын-Элисун чөлү м-н Боро-Хоро кыр­ка тоо аймагында орун алган. Чыгыш Түркстанда кыргыздар түрк тектүү чөйрөгө аралашкан ж-а ал алака кытай жылнаамалары «Чжоу шу», «Бэй ши» ж-а «Суй шуда» белгиленген. Бирин­чи уламыш боюнча түрктөрдүн ата-бабалары чоң саздын жээгинде жашап турган чагында, коң­шу уруулар тарабынан кыргындалып, андан оор жарадар болгон он жашар бала аман калат. Баланы ачкалыктан сактаган, кийин анын аялы болгон канчык карышкыр имиш. Карыш­кыр кийин аны душмандан коргоп кала албай, өзү Гаочан (Турпан - М. К.) тоосунун түндүк тара­бына качып барган экен. Карышкыр баягы өлгөн баладан он уул тууйт. Балдар эр жетип гаочандык кыздарга үйлөнүшүп, өз алдынча уруу­га бөлүнөт. Алардын биринин аты Ашина бол­гондуктан анын уруусу ушул ысымда аталып калат. Ашина бир туугандарына караганда жөндөмдүү болуп, жаңы тайпанын колбашчы­лыгына дайындалат. Уруулар көбөйүп, саны бир канча жүзгө жетет. Ашина тукумунан чыккан Асянь шад бөрү уруусун Гаочандан Алтайга көчүрүп келет. Ошентип алар Алтай тоосунун жергиликтүү аталашына жараша түрк аталып калат. Экинчи уламыш боюнча, түрктүн ата-бабалары Со ээлигинен чыккан. Тайпанын жол башчысы Апанбунун он жети биртууганы болуп, алардын бири Ичжинишиду бөрүдөн туулат. Со ээли­ги душман чабуулуна кабылып, уруулар бирин­деп тарап кетет. Ичжинишидунун сыйкырдуу жөндөмдүүлүгүнөн улам, анын уруусу кыйла жакшы абалда калат. Анын шамал чакырып, күн жаадырчу жайчылык жайы болуп, эки аялы бар экен. Бири жаз кайыптын кызы, экин­чиси кыш кайыптын кызы. Биринчи аялдан төрт уулу болуп, бири «аккууга» айланат, экин­чи баласы Цигу аталып, Афу-шуй ж-а Цзянь­шуй (Абакан ж-а Кем, б. а. Енисей) аралыгында бийлик жүргүзүп калат. Үчүнчү уулу Чжуч­жеде жашап, ал эми улуу уулу Нодулу шад Цзян­сы Чжучжеге көчүп келет. Нодулу шадга Апан­бунун уруусу кошулат. Нодулу шаддын он аялы болуп, алардын балдары өз энелеринин ысмын­да урууларга бөлүнгөн. Эң кичүү аялынан Аши­на болгон. Нодулу шад өлгөндөн кийин, салтка ылайык анын балдары уруу башчыга шамда­гай, эр жүрөк, баатырды тандап шайлаш үчүн сынакка түшүшөт. Мелдештен Ашина жеңип, жол башчы болуп, Асянь шад деген жаңы ысым алат. Н. А. Аристовдон тарта ушул түрк ула­мыштарына кайрылган С. В. Киселев, Л. Р. Кыз­ласов, С. Г. Кляшгорный, Л. П. Потапов ж. б. окумуштуулар, андан тарыхый окуяны чагылдырган тарых наамалык өзөктү баамдап, эки уламыштын уңгусу бир экендигин белгилешкен. Түрк уламышынын түпкү жандырмагында дагы үч элдин тарыхы жатат. Алар уламышта так айтылган цигу - кыргыздар, «аккуу» тобу кып­чактар ж-а Чжучжеге көчүп келген ашиналар­дын туугандары теле-огуздар. Теле темасына кайрылган окумуштуулар түрк тилинде сүйлөгөн уруулардын баштапкы жазылышы Сһіһ-1е кийин Тіпд-1іпд (динлин) болуп өзгөрсө керек деп боолгошот. 3-4-кылымдарда телелер кытай жазма булак­тары боюнча «гаогюй», башкача айтканда бийик арабалар аталып жүрүштү. Ал эми 6-кылымдан тарта кытай да­ректери аларды теле (түркчө тегрен «араба, унаа») деп атай башташты. 605-жылы Батыш түрк каганы Чурын телелердин жүздөгөн уруу башчыларын кыргандан кийин, алар экиге бөлүнүп, бири Чыгыш Түркстан ж-а Алтайда «бага каган» аталып, анын экинчи бөлүгү уйгурлар бол­со Түндүк Моңголияда орун алып, кытай даректе­ри боюнча «тогуз-уруу», руникалык эстеликтерде тогуз-огуз деп жазылып калат. Кытайдын «Вэй шу» жазмасында «Гаоцюйлар, кыязы, байыр­кы чигилердин бир бутагы болсо керек, адеген­де алар дили аталып, түндүк жактагылар аларды чилэ дешсе, Кытайда болсо - гаоцюй динлин (бийик арабачан динлиндер) деген ат менен маа­лым»,- деп кабарланат. Канткен м-н динлин - теле-огуз байланышы тарыхый чындык болсо керек. Эгерде бул жобону туура көрсөк, анда алар м-н кыргыздардын баштапкы этникалык алакасы табылат. 7-кылымдын башталышында Ли Янь Шоу тарабынан жазылган «Бэй ши» ж-а Вэй Чжен (VII кылымдын башы) жазган «Суй шу» тары­хындагы маалыматтар боюнча кыргыздар теле уруу конфедерациясынын курамында Чыгыш Теңир­Тоо аймагында кездешет. Анда «телелердин бабалары - сюннулар. Уруулар аябай көп. Иунун батышында, Яньцинин түндүк тарабында, Бай­шандын айланасында циби, боло, чжи, де, субо, хэгу, едеу, жиху ж. б. жашашат» деп кабарланат. Кытай жылнаамасында «хягас (кыргыздар) бул байыркы гянь-гунь мамлекети. Калкы динлиндер менен аралашып кеткен» деп айтылат. Белгилүү археолог Д. Г. Савиновдун пикири боюнча, эгерде динлиндер теле болсо, анда байыр­кы түрк доорунда ал катмардан - сеяньто, уйгур ж. б. окшогон түпкүлүктүү элдер пайда бол­мок. Болжол м-н б. з. 460-жылы кыргыздар түрк тилдүү теле, түрк уруулары м-н чогуу Чыгыш Түркстандан Борбордук Азиянын түндүк-чыгышына жер которгон. Түрктөрдүн уламышында көр­сөтүлгөндөй алар өз алдынча жер алышып, ал аймактарда өздөрүнүн мамлекетин түптөшкөн. Кыргыздарга Түштүк Сибирь аймагы туш келип, мында алар өз алдынча кагандык болуп, өнүк­көн мамлекет деңгээлине көтөрүлө алышкан.

Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950. Т. I; Худяков Ю. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995.

М. Кожобеков.