БАЙЫРКЫ СЛАВЯНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ СЛАВЯНДАР - инди-европа тилинде сүйлөгөн уруулардын тобу; борбордук, түштүк ж-а чыгыш европалык азыркы славян элдеринин ата-бабалары. Байыркы славяндар тарыхый даректерде, б. з. 1-2-кылымдарында «европалык Сарматия», Карпат м-н Балтика деңизинин аралыгында, Чыгыш Германияда жашаган венеддер деген ат м-н белгилүү болгон. Алар тууралуу грек-рим ж-а визан­тиялык тарыхчылар Тацит, Птолемей, Иордан ж. б-дын эмгектеринен кездешет. Көпчүлүк оку­муштуулардын пикири боюнча Байыркы славяндар Висла дарыясынын чыгышынан орун алышкан. Б. з-дын 2-4-кылымдарында герман урууларынын (готтор, гепиддер) түш­түккө оошунан Байыркы славяндардын аймактык бүтүндүгү бу­зулуп, батыш ж-а чыгыш тарапка обочолонот. 5-кылымда хунндардын бийлиги кулагандан кийин, Байыркы славяндар түштүккө оошуп, Византия империясынын Балкан провинцияларына басып кире башташ­кан. Ошол учурда алар ант ж-а склавин деген эки топко бөлүнөт. Балкан ж. а-н басып алуу м-н бирге эле Борбордук ж-а Чыгыш Европадагы мур­дагы жерлери да алардын карамагында калган. 1-миң жылдыктын 2-жарымында славяндар мурда чыгыш балт ж-а финн-угор урууларына тиешелүү болгон Жогорку Днепрди ж-а анын батышын, ошондой эле Эльбанын төмөн жагын ж-а Балтика деңизинин түштүк-батыш жээгин ээлеп алышкан ж-а Европадагы эң ири этностук топко айланган. Б. з-дын 1-миң жылдыгынын аяк ченинде байыркы славян мамлекеттеринин пайда болушу м-н орто кылымдагы славян элдери (поляктар ж-а чехтер, кийинчерээк словактар, словендер, сербдер, болгарлар, чыгыш славян­дарда байыркы орус эли) калыптана баштаган.

Ад.: Седов В. В. Славяне в древности. М., 1994; Третьяков П. Н. Финно-угры, балты и славяне на Днепре и Волге. М.; Л., 1961.