БАКШЫ

БАКШЫ - 1) өзбек, каракалпак, түркмөн элинде дутар менен өз ырларын жана элдик чыгармаларды аткарган ырчы. Алар музыка өнөрүн өнүктүрүүгө да салым кошкон; 2) түрк элдеринде эмчи-домчу киши. Эркек жана аял Бакшылар эки башка - Бакшы жана бүбү, же бүбү Бакшы деп аталышкан. Бакшыны эл көзү ачык деп эсептешип, алардын Бакшылык кыймыл-аракеттерине зор ишеним менен мамиле кылышкан. Кыргыздардын ичиндеги Бакшылык, көпчүлүк учурда Сибирде жашаган түрк элдеринин, ошондой эле өзбек, казак, уйгурлардын Бакшылыгына окшоп кетет. Ислам дининин тарашы менен Бакшылык биротоло жоголуп кетпестен исламдын суфизм агымынын элементтери менен аралашып, синкретикалык татаал көрүнүшкө айланган. Бакшы бир жерде туруктуу жашабастан дубаналык кылган. Башына аккуунун жүнүнөн жасалган күлө же гүлө деп аталган баш кийим, үстүнө ар кандай түстөгү кездемеден иретсиз бычылып, этек, жеңи кенен тигилген чапан сыяктуу узун жабуу кийген. Алкагына темир шакекчелер илинген добулбасын ала жүрүп, добулбас кагып жин-шайтандарды кууган. Бакшыны ар кандай ооруларды дарылоодо, төрөттү жеңилдетет (кыйналып, эстен танган аялга, боз үйдү айлана чуркап, добулбасын каккылап, кыйкырып үн салган) деген ишенимде чакырышкан. Калк арасында Бакшы өтө зор, бирок көзгө көрүнбөгөн күчтөр менен байланыш түзө алат жана алардын жардамы менен оорулуу адамдарды сакайтат, кырсыкты, жин оорулуулардын жинин, талмалуулардын талмасын, илешкени барлардын илешкенин кубалайт деген терең ишеним болгон. Зикир чалуу учурунда добулбас, камчы, бычак, тили жок коңгуроо, айрым мезгилде комуз, кыл кыяк, ооз комуз колдонушкан. Оорулууну көргөндө жиндерин, колдоочуларын чакырып чарк урган, жер-суудагы мазарлардын, олуя-машаяктардын аттарын кыйкырып атаган. Отту чоң жактырып, үстүнөн секирген. Отко орок, бычак салып, кыпкызыл болуп чыкканда тили менен жалаган, үй-кепелерди тегерене жүгүрүп, малдын үстүнө чыгып, астынан өткөн. Оорулуу кишини ары-бери аттап, аны ургулаган. Эмдөөнүн ыгына карай оорулуунун денесиндеги жамандык жинди кайсы бир жаныбарга же буюмга, малга, канаттууларга, куурчакка «көчүргөн». Бакшылар кара жиндүү жана ак жиндүү бакшы болуп бөлүнгөн. Бара-бара анын ролу төмөндөгөнү менен алардын эмчи-домчулук касиети бир топко чейин сакталган.
А. Көчкунов.