БАКАЕВ Анарбек Курамаевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БАКАЕВ 1 to БАКАЕВ Анарбек Курамаевич) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЕВ Анарбек Курамаевич (27. 4. 1950, Чүй облусу, Кемин району, Актүз шаарчасы - 7.1.1998, Бишкек) - генерал-лейтенант (1995). Философия илимдеринин кандидаты. 1972-жылы Казак мамлекеттик университетин бүткөн. 1972-74-жылдарда КММИнин философия кафедрасында окутуучу, 1977-81-жылдарда Кыргыз ССР

ИАнын аспирантурасын бүтүрүп, Философия ж-а укук институтунда илимий кызмат­кер, окумуштуу-секретарь, 1981-85-жылдарда Кыргызстанн КП Фрун­зе шааркомунда инструк­тор, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчы, 1985-88-жылдарда Кыргызстан КП БКнын аппаратында инспек­тор, бөлүм башчысынын 1-орун басары, 1988-91-жылдарда КПСС БКнын (Москва) аппаратында эмгектенген. 1991-жылы КРдин элге билим берүү министри, 1991-95-жылдарда КРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, 1995-96-жылдарда КРдин мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, 1996-97-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук министри бо­луп иштеген. Даңк медалы м-н сыйланган.