БАЛАЛАЙКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАЛАЙКА - орустун элдик үч кылдуу (мурда эки) чертме муз. аспабы. XVIII кылымдын башында жара­лып, домбраны ал­маштырган. Ай­рыкча жөнөкөй калктын арасын­да кеңири тарап, жеке, топтук (ан­самблдик) атка­рууда элдик ыр­ларды, бийлерди, частушкаларды жана башка чыгармалар­ды коштойт. XIX

кылымдын аягында музыкант В. Андреев С. Нали­мов жана башка музыкалык усталар менен бирдикте Балалайканы өр­күндөтөт, орустун тунгуч эл аспаптар оркестрин уюштурат. Башгалгыч музыкалык мектептерде, окуу жайларда жана консерваторияларда Балалайкада ойноо боюнча адистер даярдалат.