БАЛДАР МУЗЫКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:12, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР МУЗЫКАСЫ - балдардын кабылдоо­суна жана аткаруучулук мүмкүнчүлүгүнө ыла­йыкталып жазылган музыкалык чыгарма. Балдар музыкасынын мыкты үлгүлөрү түзүлүшүнүн тактыгы, музыка ти­линин көркөмдүгү, поэтикалык каражаттары­нын жетимдүүлүгү жана мазмунунун таасирдүү­лүгү менен айырмаланат. П. И. Чайковский, Р. Шуман, А. К. Лядов, Б. Барток, С. С. Прокофьев, К. Молдобасанов жана башка композиторлор Балдар музыкасы жанрында классикалык чыгармаларды жаратыш­кан. Балдар театрларында коюлган оюндарда, балдар кино тасмаларында, радио композиция­ларда Балдар музыкасы маанилүү орунда. Кыргыздын «Бе­шик ыры», «Каркыра-турна» сыяктуу элдик ырлары менен катар А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Т. Эрматов, Ч. Жумаканов жана башка композиторлордун балдар үчүн ырлары, түрдүү жанрдагы чыгармалары белгилүү.