БАКАЙЫР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЙЫР - Кара-Буура районундагы суу, Талас суусунун сол куймасы. Узундугу 43 км, алабынын аянты 196 км2. Талас Ала-Тоосунун түндүк капта­лынан башталат. Жогорку агымы кууш капчы­гай аркылуу шар агат. Төмөнкү агымында нугу кеңейип, тайыздайт. Жалпы узундугу 33 км, 13 өзөн куят. Ирилери: Куру-Бакайыр, Суулу-Бакайыр. Май айында кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 0,70 м3/сек; эң көбү 1,19 м3/сек, эң азы 0,20 м3/сек. Акчий кыштагы тушта сугатка бөлүнөт. Боюнда Бакайыр кыштагы жайгашкан.