ГЛЮКОЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛЮКО́ЗА , ж ү з ү м к а н т ы (гр. glуkes – таттуу), С6Н12О6 – гексоздорго кирүүчү жаратылышта кеӊири таралган моносахарид. Ал эркин түрүндө ж-а олигосахариддер (сүт канты, камыш канты) м-н полисахариддердин (крахмал, гликоген, целлюлоза, декстриндер), гликозиддердин курамында кезигет. D-глюкоза – өсүмдүк ж-а жаныбар организминдеги энергиянын негизги булагы. Түссүз кристалл, даамы таттуу, сууда жакшы эрийт. Башка моносахариддер сыяктуу эле бир нече структуралык формадан турат. Кристалл түрүндөгү D-глюкозанын α- ж-а β- формасындагы мейкиндиктин эки изомери белгилүү. Балкып эрүү t 146,5°С. D-глюкозаны пиридинде кристаллдаштыруудан β-D-глюкоза алынат, кайноо t 148–150°С. Молекуласы тизмектүү ж-а циклдүү түрдө болот. Тизмектүү формасы альдегид тобуна мүнөздүү бир катар реакцияларга кирип, гидразондор, фенилгидразондор, озазондорду пайда кылат. Циклдүү формасы гидроксил тобу болгондуктан, жөнөкөй ж-а татаал эфирлерди пайда кылат. Калыбына келтирүүдөн алты атомдуу спирт (сорбит) алынат. Анын альдегид тобу бир негиздүү D-глюкон кислотасына чейин окистенет, андан ары окистенүүдөн эки негиздүү D-кант кислотасын пайда кылат. D-глюкон кислотасы ферменттердин (оксидаза же гидрогеназа) жардамы м-н алынат. Анын эӊ маанилүү химиялык касиетине микроорганизмдер иштеп чыгарган ферменттердин таасири астында ачышы жатат. Бардык жашыл өсүмдүктөрдө, жүзүм маӊызында, таттуу мөмөлөрдө, балда көп; адам м-н жаныбар ткандарында ди- ж-а полисахариддердин курамында болот. Крахмал м-н целлюлозаны гидролиздөөдөн алынат. Кондитер өнөр жайында, медицинада кеӊири колдонулат.


Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.