БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛАРАЛЫК КҮНҮ to БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ - балдардын ден соолугун сактоо, согуш корку­нучунан жана эксплуатациялоодон коргоо, де­мократиялык негизде таалим-тарбия жана билим берүүнү жүзөгө ашыруудагы жалпы дүйнөлүк коомчу­луктун ой-пикирин жана аракетин багыттоо максатын көздөйт. Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын 2-конгрессинин чечимине ыла­йык 1949-жылы Москвада болуп өткөн сессиясын­да жыл сайын аны 1-июнда белгилөө кабыл алынган жана ал биринчи жолу 1950-жылы 51 мамлекетте өткөрүлгөн. Кийин дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө белгилене баштаган. Бүткүл дүйнөлүк демократиялык аялдар, жаштар, профсоюздар федерациялары жана башка уюмдар балдардын укуктарын коргоо, кам көрүү, жашоо шарттарын жакшыртуу жана бак­чаларды, мектептерди, дарылоо, эс алуу жайла­рын уюштуруу жана башка суроо-талаптарды мамле­кеттин, жеке менчик уюмдарынын кароосуна коюшат. Мамлекет жана коомчулуктун бардык уюмдары тарабынан 1-июнда балдар үчүн ар кандай көңүл ачуулар, конкурс-оюндар, кай­рымдуулук акциялары уюштурулат.