БАЛКАР КЕРАМИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:56, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛКАР КЕРАМИКАСЫ - биздин заманга чейинки III миң жыл­дыкта Түндүк Кавказда пайда болгон карапачы­лык кол өнөрчүлүгү. Балкар-Дагстандагы Лак айылы көркөм керамиканын байыркы борбору болгон. Уламыш боюнча карапачылык өнөрдүн пири Калькучи Балкар айылынын аялдарын кол станокто ошол жердин топурагынан керамика жасаганга үйрөткөн. Карапачылык менен шугул­дануу бул жерде аялдардын иши болгон. Азыр­кы Балкарда карапачылык техникасы (карапа жасоочу калып, эшип ийлөө ыкмасы жана эски конструкциядагы мештерде бышыруу жана башкалар) көп деле өзгөргөн жок. Балкар керамикасына өзгөчө тектоникадагы жука капталдуу ар түрдүү идиштер, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү миңдеген жылдардан бери калып­танган кенен, бышык, узун моюндуу, суу ташуу­чу «уршалар», жуунуучу, май салуучу, эжигей

туздоочу кумуралар, дан салуучу идиштер, табак, мискей, майда пластика кирет. Карапанын түсү менен ак ангоб жазуусунун тор саймасынын айкалышы Балкар керамикасынын мүнөздүү белгилеринен бо­луп эсептелет.