БАЛКАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:03, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛКАРЛАР (өздөрүн т а у л у л а, м а лк а р л ы л а деп аташат) - Кабарда-Балкар Республикасынын (Россия) жергиликтүү калкы. Жалпы саны 108,4 миң киши, анын 104,9 миңи Кабарда- Балкар (2002), ошондой эле Казакстанда (6 миңдей), Кыргызстанда (2 миңдей) жашашат. Карачай-балкар тилинде сүйлөшөт. Мусулман-сунниттер. Кав­каздын байыркы кавказ тилдүү жергиликтүү элдери, иран жана түрк тилдүү уруулардын (алан, болгар, хазар жана башкалар, өзгөчө кыпчактар) ассимиля­цияланышы менен Балкарлар XIII кылымда эл болуп калыптанган. Чынгыз хандын аскерлеринин кол салуусу­нун мезгилинде (XIII кылым) Балкарлардын ата-бабалары Борбордук Кавказдын тоолуу тилкелерине сүрүлгөн да, XIX кылымдын 2-жарымында кайрадан алардын бир азыраагы түздүктүү жерлерге көчүп келишкен.

Балкар, кабардин, сван, карачан, грузин-рачиндер сы­яктуу коңшу элдер, ошондой эле XVII кылымдын ортосунан орустар менен тыгыз мамиледе. 1922-жылы Кабарда- Балкар автономиялык облусу, 1936-жылы Кабарда- Балкар АССРи түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилинде 1944-жылы Балкарлар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-жылы Кабарда- Балкар АССРи калыбына келтирилип, Балкарлар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Алар негизи­нен мал чарбачылык, дыйканчылык, балчылык, аңчылык менен кесип кылышып, карапайым эл­дери таштан салынган төбөсү жалпак бир ка­баттуу, ал эми оокаттуу үй-бүлөлөр эки кабат­туу, мунаралуу үйлөрдө жашашкан. Эркектер бешмант, черкеска, тон, бурка, папах, башлык кийишип, белдерине ичке кур курчанып, кан­жар тагынышкан, аялдары туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, башына жамынма жоолук салынып, саймаланган кийимдерди кийишкен, алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды колдо­нушкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азык­тарынан даярдалып, балды кенен колдонушат.