БАЛМУЗДАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:29, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛМУЗДАК – сергиткич десерт тамак-аш. Ал жагымдуу даамы менен катар жогору калориялуу, жеңил сиңимдүү; Балмуздактын көп түрүндө организмге керек белок, май, углевод, минерал туздар ж-а витаминдер бар. Балмуздактын негизги сырьёсу – сүт продуктулары, кант, жаңы үзүлгөн же тоңду­рулган жер-жемиштер, кыям, шоколад, жаң­гак, бадам, цукат, жумуртка, стабилизаторлор (агар), жыт бергич заттар жана башкалар. Сырьёдон бел­гилүү өлчөмдө аралашма даярдалат, ал пастер­ленет, гомогенделет; «Жумшак» Балмуздак идишке са­лынат же атайын кагаздарга оролуп, формага келтирилет да, муздаткыч камерада сакталат.