БИРДИКТҮҮ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СИСТЕМА –

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИКТҮҮ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СИСТЕ́МА – жогорку чыӊалуудагы электр берүү зым кермелери (линиялары) менен бириккен жана кеӊири аймактагы бир, кээде бир нече өлкөнү энергия менен камсыз кылуучу бир нече электр энергетикалык системалар жыйындысы. Ал электр энергиясын иштеп чыгарат, аны бөлүштүрөт жана өзгөртөт. Керектөөчүлөрдү энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылат, керек кубаттуулуктун резервин түзөт, электр, жылуулук ж. б. энергияны чыгарууга мүмкүндүк берет. Анда энергетикалык системалар негизинен жогорку чыӊалуудагы (220, 500, 750 кВ, 1150 кВ) зым кермелер менен кошулат. Аны башкаруу үчүн электр станцияларын, электр тармактарын, энергетикалык системаларды жана алардын бирикмелерин комплекстүү автоматташтыруу зарыл. Ири энергетикалык биригүүсүнө бардык мурдагы СССРге караштуу мамлекеттердин бирдиктүү энергетикалык системалары кирген. Бирдиктүү энергетикалык система менен Болгария, Венгрия, Чехия жана Словакиянын энергетикалык системалары синхрондуу иштөөсүн улантышууда. Азыркы учурда Россиянын бирдиктүү энергетикалык системасы 65 энергетикалык системаны – Борбордук, Орто Волга, Урал, Чыгыш-Батыш Россия, Түндүк Кавказ, Сибирь энергетикалык системаларын камтыйт (1999). Көз карандысыз мамлекеттердин экономикасында жана социалдык өнүгүүсүндө электр энергетикасынын өзгөчө ролун эске алуу менен жана Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия Федерациясы, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украинанын өкмөттөрү КМШнын Электр-энергетикалык Кеӊешин түзүшкөн (1992). Бирдиктүү энергетикалык системага кирген электр станциялары КМШ өлкөлөрүндө өндүрүлүүчү электр энергиясынын 90%ин иштеп чыгат.

К. Т. Байтокова.