БАЛТА ЖУТАР
БАЛТА ЖУТАР (Gураеtиз ЬагЬаtиз) - жорулар тукумчасына кирүүчү жырткыч куш. Салмагы 57 кг. Канатын жайганда жазылыгы 2,64 м ге чейин жетет. Тырмагы мукур, тумшугу учтуу, төшү агыш, жону каралжын. Ал Түштүк Америка, Европа, Аравия, Борбордук Азия тоолорунда таралган. Кыргызстанда 1 түрү бийик тоолордо жашайт. Уясын аскага салат. Жазында 1-2 жумуртка тууйт. Балапанына өзүнүн жеген азыгын кулгуп берип азыктандырат. Балта жутар жаныбар тарпын жеп, табиятты тазалап, санитардык кызмат аткарат.
