БИРИНЧИМАЙ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:41, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ 3 , Т у ю к б о г о ш т у – Нарын обл-нун Ат-Башы районундагы кыштак. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу. Туюкбогошту суусунун (Ат-Башы суусунун сол куймасы) оӊ өйүзүндө, деӊиз деӊгэлтнен 2306 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 30 км түштүк чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 260 км. Кыштак 1934-ж. негизделген. Калкы 1001 (2004); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, медпункт, китепкана бар.