БАЛЬЗАМДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬЗАМДОО - түрдүү чиритпөөчү заттарды куюу менен өлүктү бузулуудан сактоо. Бальзамдоо үчүн дене ткандарына антисептик жана консервалоочу эрит­мелер, көбүнчө формалин (байыркы заманда бальзамдар, аталышы ошондон) сиңирилет. Алар чиритүүчү микробдордун тиричилигине тоскоол кылат. Бальзамдоо окутуу, илимий, соттук-медициналык, ошондой эле көрүнүктүү адамдардын денесин сактоо максатында жүргүзүлөт. Бальзамдоо байыркы замандан бери белгилүү. Айрыкча Байыркы Египетте кеңири таралган. Орус окумуштуулары В.П.Воробьев, Б. И. Збарский иштеп чыккан ыкма боюнча 1924-жылы В. И. Лениндин денеси бальзамдалган.