БАКУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКУ , Б а к ы - Азербайжан Республикасынын борбор шаары. Апшерон жарым аралынын түштүк -батышында, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2021). Ири транспорт түйүнү. Тоңбогон порт.

Шаардын жалпы көрүнүшү.

Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түрк­мөнстан), Актау (Казакстан) шаарлары м-н байланы­шат. Эл аралык аэропорту бар. 1967-жылдан метрополитен иштейт.
Баку шаары жөнүндө 5-кылымдагы жазмаларда, ошондой эле 9-10-кылымдардагы географтардын (аль-Истахри, аль-Ма­суди ж.б.) эмгектеринде айтылып, мында нефть алынары белгиленет. 12-15-кылымдарда Бакунун нефтиси Чыгыш өлкөлөрүнө чыгарыла баштаган. 12-к­ылымдын 2-жарымында Баку аз убакытка Ширван пады­шалыгынын борбору болуп турган. Бакуну 1540-жылы Сефевилер, 16-кылымдын 80-жылдарында түрктөр, 1723-жылы орус аскерлери караткан. 1735-жылы ал Иранга кайтарылган. 1747-жылдан Баку ханды­гынын борбору болуп калган. 1804-13-жылдарда орус - иран согушунун жүрүшүндө Баку Россияга ко­шулган (1806). 1917-жылы 31-октябрда (13-ноябрь) Бакуда Совет бийлиги жарыяланган. 1918-жылы 31- июлда ички ж-а тышкы контрреволюциячыл күчтөр­дүн аракети м-н Совет бийлиги кулатылат. 1920-жылы 28-апрелде Азербайжан ССРинин түзүл­гөндүгү жарыяланып, Баку анын борборуна айлан­ган. 1991-жылдан Азербайжан Республикасынын борбору.

Баку бухтасынын жээктеринде ширваншах капкасынын калдыктары (1235), шаардын ба­йыркы бөлүгүндө Ичери-шехер чеби (12-к.), чеп­тин ички аймагында Мухаммед мечити ж-а Сы­нык-Кала минарети (1078-79), Кыз-Кала муна­расы (12-кылымда кайрадан курулган), Ширваншах сарайлар ансамбли (15-кылым), Жума мечити (14-кылым), Диван-хан, Шемахин дарбазасы, Хажи-хамма­ли мончосу ж. б. сакталган. Чептен сырткары кербен-сарайлар, овдан (жер астындагы суу сак­тагыч), турак үйлөр ж. б. курулган. 1810-жыл­дан чепти айланта курулуштар башталган. 19- 20-кылымдарда эллектизм ж-а модерн стилиндеги курулуштар ургаалдуу өнүккөн. 1920-30-жылдарда шаардын эски райондору жаңыланып, бир топ аянт ж-а парктар пайда болгон. Шаардын азыркы көрүнүшүнө архитектор О. Дадашев м-н М. Усейнов­дордун салымы чоң. С. Низами атындагы кинотеатр, Азербайжан политех. ин-ту (1993-жылдан ун-т), Өкмөт үйү (1952), респ. стадион (1952), аэровокзал (1964), мейманканалар («Интурист», «Азербайжан», 1969; «Москва», 1978), «Гүлстан» ку­баныч сарайы (1980), метрополитен иштейт. «Ба­кунун 26 комиссарын атып өлтүрүү» горельефи (1924-46, 1958-ж.) орнотулган.
Б. - өлкөнүн ил., маданий борбору. Азербайжан УИА (1945), 90дон ашык ил. мекемелер, (315 жалпы билим берүүчү мектеп, 36 ЖОЖ (фи­лиалдары м-н; а. и. 17си мамл.), Баку (1919), Азербайжан пед. (1921), Азербайжан мед. (1930) ун-ттери, Азербайжан нефть (1920-жылдан), денетарбия ж-а спорт, авиация (1992), мамл. башкаруу (1999) академиялары, консерватория (1921, 1991-жылдан У. Гажибеков атн. Муз. академия), жогорку аскер окуу жайы ж. б. бар. М. Ф. Ахундов атн. (1923), академиялык (1925) китепканалар, улуттук драма (1920-жылдан), орус драма (1923), М. Ф. Ахундов атн. опера ж-а балет (1920), Ш. Курбанов атн. муз. комедия (1938), куурчак (1931), «Йуг» (1993), «Пантомима» (2000) ж. б. театрлар, 26 музей (а. и. Азербайжандын көзкаранды эместиги, Р. Мустафаев атн. иск-во, Низами атн. Азербайжан ад-ты, Л. Керимов атн. Азербайжан килеми ж-а элдик жасалга-колдонмо иск-во, Азербайжандын муз. мад-ты) иштейт. О. эле П. БюльБюль оглы, М. Магомаев, У. Гажибеков, С. Вур­гундун үй-музейлери, сүрөт гал., филармония (анын курамында У. Гажибеков атн. симфони­ялык, камералык, улуттук аспаптар, мамл. эстрада оркестрлери, хор капелласы иштейт), киностудия («Азербайжанфильм», 1923), цирк, бал­дардын белгилүү шахмат мектеби (Г. Каспаров, Т. Ражабов ж. б. окуган) ж. б. бар.
Б. - Азербайжандын ири өнөржай (респ-нын өнөржай өндүрүшүнүн 60%тен ашыгын, чыгарылган продукциянын 60%тен ашыгын берет) борбору. Нефть, газ, нефть ажыратуу, нефть­хим. (шина, тиричилик химиясы), кара ж-а түс­түү металлургия (болот, куюу, болот арматура өндүрүшү з-ду), машина куруу (а. и. нефть өнөр­жайына керектүү жабдуулар), радиоэлектроника, жеңил (буткийим, пахта ф-касы), электр­тех., тамак-аш (шампан, шарап, эт комбинат­тары) өнөржайлары бар.
Ад.: Ашурбейли С. Б. Очерк истории средневекового Баку (VIII - начало XIX вв.). Баку, 1964; Брета­ницкий Л. С. Баку. 2-е изд. Л.; М., 1970. Р. Карачалова, А. Орозов.