БАКУ КОММУНАСЫ
БАКУ КОММУНАСЫ - Бакуда ж-а Азербайжандын айрым аймактарындагы Совет бийлигинин (1918-жыл, апрель - июль ) өкмөтүнүн аталышы. Өкмөттүн курамы большевиктерден ж-а солчул эсерлерден түзүлүп, Эл комиссарлар Советинин төрагасы С. Г. Шаумян болгон. Азербайжанда Совет бийлигин орнотуу аракети алгач ийгиликсиз аяктап, Баку коммунасы түрк ж-а англис аскерлери тарабынан кыйратылган ж-а анын 26 жетекчиси (Баку комиссарлары - С. Г. Шаумян, М. А. Азизбеков, П. А. Жапаридзе, И. Т. Фиолетов ж. б.) «Борбордук Каспий диктатурасы» өкмөтү тарабынан туткунга алынып, 1918-жылы 20-сентябрда Закаспийде атылган.