БИОФИЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Кайра 12867 жокко Kadyrm (сюзюу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОФИЛДЕР , б и о ф и л ь э л е м е н т т е р и – биосферадагы тирүү организмдердин курамында кездешүүчү химиялык элементтер. Аларга С, О, Н, N, S, P, Fe сыяктуу 70ке жакын элемент кирет. Бул элементтер организмде тийиштүү өлчөмдөн аз кездешсе, адамдарды ар түрдүү ооруларга чалдыктырат. Мисалы, тоолуу аймакта йод элементинин жетишсиздиги богок оорусунун күч алышына, ал эми чөйрөнүн булганышынын негизинде кээ бир элементтердин ашыкча болушу итай-итай оорусунун өрчүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондуктан биофилдердин организмдердин жашоо тиричилигинде мааниси зор болот.