БАЛА-САРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАСАРЫ — Талас облусунун Манас районундагы кыштак. Покровка айыл өкмөтүнө караштуу. Талас суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 863 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыштагынан 5 км түштүк тарапта, Жам­был темир жол бекетинен 34 км. 1910-жылы оту­рукташкан. Калкы 1479 (2006); негизинен таме­кичиликте эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, китепкана, мончо бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.