БАЛДАР БАКЧАСЫ ЖАНА МЕКТЕП КОМПЛЕКСТЕРИ
БАЛДАР БАКЧАСЫ ЖАНА МЕКТЕП КОМПЛЕКСТЕРИ - мектеп жашына чейинки балдарга коомдук алгачкы окуу тарбия берүүчү мекеме. Биринчи жолу Фретель (1837, Германия) түзгөн. Россияда 19-кылымдын 60-жылдарында уюштурулган. Ошондой эле балдар бакчасынан келген бала мектептеги жаңы шартка, окуу процессине ийкемдүү, кыйынчылыксыз көнүгүшү үчүн уюштурулган окуу комплекстери бар. Алардын негизги максаты - ата мекенибиздеги жана чет элдик алдыңкы методикалык иш-тажрыйбаларды пайдаланып, ар бир бала жетиштүү деңгээлде өсүп-өнүгө ала турган окуу-методикалык комплекстерди түзүү, иштин мазмунун «уланмалуулукта» айкалыштыруу. Мындай комплекстер Бишкек шаарындагы № 61, 39, 69 орто мектептери жана № 184 балдар бакчасы тарабынан түзүлгөн.