БАЛДАР КИНОСУ
БАЛДАР КИНОСУ - балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын тартылган тасма. Балдар киносуна көркөм жана мультипликациялык, хроника даректүү, илимий-таануу тасмалары кирет. Адатта балдар киносунун негизин балдар адабияты түзөт. Мурда Балдар киносун тартуу үчүн атайын кино студиялар иштеген. Кыргызстанда балдар үчүн бир нече тасма тартылган. Алардын эң мыктыларынын сабына «Космонавттар көчөсү», «Кетирекей», «Атадан калган туяк», «Көз айнекчен», «Айдагы жез кемпир» (А. Жакыпбековдун ушундай аталыштагы повести боюнча), «Ат жалын бек карма» жана башка көркөм тасмалары кирет. Д. Асанованын «Ленфильм» студиясында жараткан кино чыгармаларынын («Мадырабаштар») жана башкалар да кандайдыр бир деңгээлде кыргыз

улуттук киносуна тиешеси бар. Биринчи кыргыз мультфильми - «Сандардын чатагы» (режиссёру С. Ишенов, 1977). Чет өлкөлүк балдар тасмалары, анын ичинде мультфильмдер кыргыз тилине которулган. Дүйнө жүзүндө Балдар киносуна бөтөнчө көңүл бөлүнөт. Америка Кошмо Штаттарында 1923-жылдан Уолт Дисней ачкан киностудияда балдар үчүн мультфильмдер тартылууда. Анын Микки Маус жөнүндөгү сериалдары белгилүү. Индистанда 1955-жылы Балдар киносунун коому уюштурулган. Балдар киносу Австралия, Ирак, Венесуэла, Бангладеш, Жаңы Зеландия, Шри-Ланка, Түркия, Германия, Чехия менен Словакия жана башка өлкөлөрдө жакшы өнүгүүдө.
А. Пазылов.