БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ - балдарга өз аң­ сезимин рухий жактан байытууга, илим негиз­дерин терең өздөштүрүүгө, китеп окуу мада­ниятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүчү өспүрүмдөр үчүн адистештирилген китептер топтомуна ээ мектептен тышкаркы мекеме. Балдар китепканасы Кыргызстанда 1930-жылдан уюштурула баштаган. 1934-жылы М. В. Фрунзе атындагы алгачкы борбордук балдар китеп­канасы ачылган. 1935-жылдан мектептерде, ки­йин массалык китепкана фондуларында балдар китептеринин фондуларын түзүү кеңири кулач жайган. 1946-жылга чейин Кыргызстанда 5 гана Балдар китепканасы болгон. Алардын үчөө Чүй (мурунку Фрунзе облусу), Ош, Ысык-Көл облустарында ачылган. Андан кийинки жылдары балдарды атуулдукка, эмгекке жана чыгармачылык ой жүгүртүүгө тарбиялап өстүрүүдө китепкананын таасирдүүлүгү эске алынып, райондордо, шаарларда атайын Балдар китепканалары уюш­турулган. 1954-жылы Фрунзе шаарында Фрунзе облустук балдар китепканасы түзүлгөн. Ал 1958-жылы республикалык балдар китепканасына айланган. 1972-жылы Балдар китепканаларынын жалпы саны 67 болсо, андан кийинки он жыл­да 106га жеткен, анын ичинен 1967-жылы Ош облустук балдар китепканасы, 1972-жылы Нарын жана Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында, кийин 1980-жылы Талас шаарында Балдар китепканалары ачылып, методикалык иштерди кеңири жайылтышкан. Балдарды китепканада тейлеп, массалык иштердин сапатын жогору­латкан. 1966-жылы Фрунзе шаардык «Ровестник» китепканасы ачылып, 1976-жылы ал Кыргыз ССР мамлекеттик республикалык өспүрүмдөр китепканасына айланган. Бул китепканага 1993-жылы К. Баялиновдун ысымы берилген. 1997-жылы бул эки китепкана бирик­тирилип, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы болуп түзүлгөн. Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин республиканын коомдук турмушу жаңыланып, Балдар китепканалары көп өзгө­рүүгө дуушар болду. Финансылык жагдайга бай­ланыштуу 130 Балдар китепканаларынын 45% жабылып, учурда 72 Балдар китепканасы мезгил талабына жараша балдарды эли­ жерин сүйүүгө, эне тилин, тарыхын, маданиятын, искусствосун жана адабиятын кеңири үйрөнүп билүүгө ба­гытталган иш-пландарды жүргүзүшүүдө. Балдар китепканасынын фонду окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша коомдук-саясий, илимий, көркөм адабияттар, гезит­-журналдар менен камсыздалган.

С. Ишенов.

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана
К. Баялинов атындагы китепкана
Ош облустук Т. Мияшов атындагы балдар китепканасы